БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргыз делегациясы Татарстанда өтүп жаткан экономикалык форумда туристтик курорт жаатындагы долбоорун сунуштап, ал Россиянын, Борбордук Азиянын жана Жакынкы Чыгыштын инвесторлорунун кызыгуусун жаратты. Бул туурасында ТИМден кабарлашты.
Форумдун алкагында делегация "Евразиялык өнөктөштүк" аталышындагы сессияга катышып, анда "Каркыра экологиялык шаары" деп аталган долбоор жөнүндө айтып беришкен.
Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, Соода-өнөр жай палатасынын, ишкер жана маданий чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнөн турган делегацияны КРдин Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев жетектеп барган.
ТИМден муну менен катар эле ири иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү документтерге кол коюлганын кабарлады:
КРдин адал индустриясын өнүктүрүү борбору менен Татарстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын "Халал" стандарты боюнча комитетинин ортосунда аталган стандарттарды өз ара таануу меморандуму;
Бишкек мэриясы менен Казандагы МАРТ ассоциациясынын ортосунда шаардык инфраструктура жаатындагы кызматташууну өнүктүрүүгө, башкаруу боюнча тажрыйба алмашууга багытталган кызматташтык тууралуу макулдашуу.
Эске салсак, Казань шаарында "Россия — ислам дүйнөсү: KazanForum" аттуу XVI эл аралык экономикалык форум өтүп жатат.