Июлдан баштап ОСАГО полиси жокторго айып салына баштайт

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. 1-июлдан тарта ОСАГО полиси жок айдоочулар айып төлөй баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын камсыздандыруучулар ассоциациясы эскертти.
Аталган полиси жокторго 3 миң сомдон айып салынат. Бир жылдык камсыздандыруу 1680 сом турат.
ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келе жатат.
Радио
Абдыжалиев: мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын кирешеси 4 эсе өстү