Жасалма диплом менен иштеген. Ысык-Көлдө Сот департаментинин жетекчиси кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталган.
"М.К.А. 2005-жылдан бери аталган системада иштеп, жумушка орношууда Ички иштер министрлигинин генерал-майор А.Алиев атындагы академиясын бүтүргөндүгү тууралуу дипломун берген, бирок ал 5-курста (2003-жылы) окуу акысын төлөбөгөндүгү үчүн окуудан чыгарылган", — деп жазылат маалыматта.
Шектүү кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.
Салык кызматынын мурдагы бөлүм башчысы коррупцияга шектелип кармалды