БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстанда айыл чарба каттоосу күзүндө жүргүзүлөт. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, санак 1-20-ноябрга белгиленип, анда мал, канаттуулардын эсеби да алынат.
Санакка төмөнкү чарба түрлөрү камтылмакчы:
мамлекеттик жана жамааттык айыл чарба ишканалары (окуу жайлардын, өндүрүш, транспорт, курулуш жана башка уюмдардын көмөкчү чарбалары кошо),
дыйкан жана фермер чарбалары;
айыл чарба менен алектенген жеке ишкерлер;
жарандардын жеке көмөкчү чарбалары (жамааттык багы жана бакчалары менен кошо).
Эске салсак, аталган өнөктүккө министрлер кабинети 278 миллион сом, ал эми БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму 30 миң доллар бөлөрү кабарланган.