"Жаз мезгилине карата шаардагы аттракциондорду инвентаризациялап, толук текшерүүдөн өткөрөбүз. Учурда шаарда аттракциондор Панфилов паркында эле бар. Буга чейин "Асанбай" жана "Фламинго" паркында да бар болчу. Азыр бул эки паркта аттракцион жок. Учурда "Асанбай" паркы толук реконструкцияланып, эскилери бузулуп, жаңы аттракциондор салынып жатат. Бирок толук ишке бериле элек. Муну менен катар ижарачылар ар кай жерде коюлган батуттарды иштетишүүдө. 2025-жылдын 31-мартында Панфилов паркынын "Скамейка" деген атайын аттракционунда эки коопсуздук куру үзүлүп кетип, бир кыз кулап кырсыктаган. Ошол эле күнү Биринчи май районунун акими, ички иштер кызматкерлери менен чогуу биз дагы кырсык болгон жерге бардык. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеринде тергөө жүргүзүштү. Аттракциондун ээсине 35 миң сом айып салынган. 2018-жылдын аягынан баштап 2025-жылга чейин коюлган мораторийден улам көзөмөл органдары тарабынан аттракциондор текшерилген эмес. Бирок бул аралыкта аттракциондун ээлери, иштетүүчүлөр өз ыктыяры менен техникалык кароодон өткөрүп турушу керек эле. Учурда ар бир аттракцион текшерүүдөн өттү. Анда кооптуу объектилерди, РБ-1, РБ-2 сыяктуу аттракциондорду атайын органдардан каттоодон өткөрүү, күнүнө текшерүү, журналга жазуу милдеттендирилген кагаздар берилди", — деди Анарбек уулу.