Кыргызстандык өндүрүшчүлөр KazanForum – 2025 форумуна катышууда. Тизмеси

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстандык өндүрүшчүлөр KazanForum – 2025 форумуна катышууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Адал индустриясын өнүктүрүү борборунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Россия – ислам дүйнөсү: KazanForum 2025" эл аралык экономикалык форуму 14-майда башталып, ага адал жана органикалык продукция чыгарган кыргыз компаниялары да катышып жатат.
1 / 3

Кыргызстандык өндүрүшчүлөр KazanForum – 2025 форумуна катышууда

2 / 3

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Адал индустриясын өнүктүрүү борборунан кабарлашты

3 / 3

Маалыматка ылайык, "Россия – ислам дүйнөсү: KazanForum 2025" эл аралык экономикалык форуму 14-майда башталып, ага адал жана органикалык продукция чыгарган кыргыз компаниялары да катышып жатат

Форумга катышкан кыргыз ишканаларынын айрымдары:
"Шоро" ЖЧКсы;
"Адал азык" ("Тойбосс") ААКы;
"Салих ЛТД" ААКы;
"Кайнар Групп";
"Сонун";
Bionur;
"Ак-Турпак";
"Алия" ААКы жана башкалар.
KazanForum 2025 — Россия менен ислам дүйнөсүнүн ортосундагы экономикалык жана маданий кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган негизги аянтча болуп саналат. Бул ирет иш-чарага 103 мамлекеттен 10 миңден ашык катышуучу чогулган. Форум 18-майга чейин уланат.
Россия адал азыктардын экспортун 82 пайызга көбөйттү