Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жаштар жана чоңдор арасында сумо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Жеңүүчүлөр улуттук курама команданын тизмесине кирип, сентябрда Таиландда өтө турган Азия жана дүйнө чемпионатына барышат. Өлкөдөгү сумо күрөшүнүн абалы жана жетишкендиктер тууралуу Сумо күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу, эл аралык категориядагы калыс Эмирлан Качкымбаев айтып берди.