Турак-жайга баа арзандайбы? Эксперт менен маек

Sputnik
Өлкөдө соңку бир жыл аралыгында эле курулушка болгон баа 20 пайызга көтөрүлгөн. Ал эми соңку жылдарды алып карай турган болсок бул көрсөткүч 60 пайызды чапчыйт. Баалардын кымбатташы албетте Бишкек шаарында кескин байкалат. Акыркы учурларда мамлекет баш болуп калкты турак-жай менен камсыздоо багытында ири курулуштар жүрүп жатат. Бирок бул дагы наркка болгон баага таасирин тийгизе албай жатканына күбө болуудабыз. Адистер мунун башкы себеби курулуш материалдарынын импортуна болгон көз карандуулук жана курулушчулардын жетишсиздигинен алардын эмгек акысынын жогорулугу болуп жатканын айтышат.
Бүгүнкү “Ачык кеп” уктуруусунда ушул курулуш багытынын учуру жана келечеги тууралуу баарлаштык.