18-майда дүйнө жүзү боюнча Эл аралык музейлер күнү белгиленет. Бул күн биздин өлкөдө да белгиленип, ар кандай иш-чаралар менен коштолуусу күтүлүүдө. Алардын бири “Музейдеги түн” аттуу акция да орун алат. Бул иш-чара жылда ушул күнү белгиленип келет. Анын алкагында музейлерде көргөзмөлөр, концерттик программалар уюштурулуп, тасмалар көрсөтүлөт.
Бул жылы музейлерде кандай кызыктар орун алат? Көрүүчүлөрду эмнелер күтөт?
Ушул жана башка суроолорубузга Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейинен Илимий үгүт бөлүмүнүн башчысы Света Жумакадырова жана Улуттук тарых музейинин Билим берүү-агартуу, илимий-усулдук иштери жана китепкана бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Самудинов жооп берди.