101 жыл мурда советтик балдар журналы чыккан. Видео

1924-жылы 16-майда СССРде "Мурзилка" деп аталган балдар журналынын биринчи саны чыккан. Ал ошол кездеги "Рабочая газетага" 20 миң нуска менен тиркелип берилген.
Sputnik
Анткен менен Мурзилка Россияда мурдараак эле, 1887-жылы чыккан "Мальчик с пальчик, девочка с ноготок" деп аталган китептин сүрөттөрүндө пайда болгон. 1913-жылы бул каарман башкача кийинсе, 1924-жылдан тартып балдардын Мурзилкасы өзгөргөн. Ал эми аны 1937-жылы художник Аминадав Каневский дагы башкача кылып, кичинекей окурмандарга тартуулаган.