Кыргызстан менен ЕАЭБ ортосундагы сооданын көлөмү 7,8%га өстү

Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстан менен ЕАЭБ ортосундагы сооданын көлөмү 7,8 пайызга өстү. Бул тууралуу Статкомдун маалыматында айтылган.
Ага ылайык, январь-март айларына карата Кыргызстан менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы сооданын көлөмү 1 миллиард 122 миллион долларга жеткен.
Өз ара сооданын эң көп үлүшү Россия (68,6%) менен Казакстанга (29,2%) туура келет.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө илимий даражаларды өз ара таанууга даярдык жүрүп жатат