БИШКЕК, 15-май — Sputnik. УКМК өзүн Таймурас Ташиевмин деп тааныштырган алдамчыны кармады. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Д.Р.Д. аттуу бала "Б.Х." компаниясынын жетекчилигине WhatsАpp тиркемеси аркылуу чыгып, бетон үчүн химиялык реагенттерди берүү боюнча келишим түзүүгө көндүргөн.
Компанияны ишендириш үчүн аватарына Таймурас Ташиевдин сүрөтүн коюп, телефондон үнүн жасап сүйлөшкөн. Андан соң өкүлүн компаниянын кеңсесине жөнөткөн. Ал өкүл өзү болуп чыкканы айтылды. Компания кеңсесине барганда алардан келишим түзүүнү талап кылган.
"Келишимдин жыйынтыгында ал ишканага 495 миң сомго 8 тонна химиялык зат жөнөткөн. Андан тышкары, аванс катары 80 миң доллардан ашык Lexus RX350 жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү автоунааларын алган", — деп айтылат маалыматта.