Салык кызматынын мурдагы бөлүм башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, ал системалуу түрдө пара алып келген деп айыпталууда.
"С.К.А. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы эсепке алуу пунктуларынан товарлардын тоскоолдуксуз өткөнү үчүн ишкерлерден акча чогултуп жүргөн. Күн карама майын импорттоочулардын биринин жооптуу адамынан 20 миң доллар жана 1 миллион сомго жакын акча алганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү колго түшүрүлүп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушу тапта аталган коррупциялык схемага тиешеси барлар аныкталып жатат.
УКМК: өзүн Таймурас Ташиевмин деп тааныштырган алдамчы кармалды. Видео