БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Садыр Жапаров хоккей боюнча улуттук курама команданын дүйнөлүк чемпионаттын үчүнчү девизионундагы ийгилиги менен куттуктап, сыйлык тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчысы улуттук команданын экинчи дивизиондун Б тайпасына көтөрүлгөнүн белгилеп, бул ийгилик үч жылдык талыкпас эмгектин, өжөрлүктүн жана командалык биримдиктин жемиши экенине токтолгон.
"Силер өзүңөргө жана дүйнөгө кыргыз хоккейи бар экенин далилдеп гана тим болбостон, анын тез өнүгүүсүн, жаңы бийиктиктерге даярдыгын көрсөттүңөр", — деди Жапаров.
Жапаров өзгөчө ийгиликтерге жетишкен оюнчуларды белгилеп өттү. Исламбек Абдыраев — мыкты чабуулчу, Кузьма Терентьев — мыкты коргоочу деп табылган. Ал эми команданын капитаны Мамед Сейфулов 18 шайба киргизип, мелдештин эң көп упай топтогон оюнчусу болду.
"2026-жылы София шаарында өтө турган дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын коргойсуңар. Артыңардан силердей болууну кыялданган миңдеген жаштарга үмүт жана үлгү болгула", — деп кайрылды Жапаров.
Жолугушуунун соңунда президент акчалай сыйлыктарды тапшырды:
20 оюнчуга — 600 миң сомдон;
3 машыктыруучуга — 800 миң сомдон;
3 медицина жана техникалык кызматкерге — 200 миң сомдон.
Эске салсак, Стамбулда өткөн турнирде Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионун жеңип, экинчи дивизионго көтөрүлгөн.