Казанда "Россия — Ислам дүйнөсү" эл аралык экономикалык форуму башталды

Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Казань шаарында "Россия — Ислам дүйнөсү" эл аралык экономикалык форуму башталды.
Бул ирет иш-чарага 103 мамлекеттен 10 миңден ашык катышуучу чогулган. Форум 18-майга чейин уланат.
Анда Азербайжандагы турак жай комплекси, Беларусь техникасы, Кыргызстандын текстиль буюмдары жана Өзбекстандын улуттук тамак-ашы жана ар кандай долбоорлор көрсөтүлдү.
Кыргызстан менен Россия ИИМдеринин жетекчилери жолукту