Россия адал азыктардын экспортун 82 пайызга көбөйттү

Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен алганда Россия адал азыктардын экспортун 82 пайызга көбөйтүп, 380 миллион долларга жеткирген. Бул туурасында РФтин айыл чарба министринин биринчи орун басары Елена Фастова Казанда өтүп жаткан экономикалык форумда айтканын РИА Новости жазды.
Аткаминер аталган азык-түлүк негизинен Сауд Арабияга, Бириккен Араб Эмирликтерине жана Иранга кетерин билдирди. РФ, мындан сырткары, Алжир, Кувейт, Иордания менен Египетке жиберүүнү жакшы жолго коюуда.
Россия бүгүнкү күндө тамак-ашты 160ка чукул мамлекетке экспорттойт. Былтыр айыл чарба продукцияларын башка өлкөлөргө 43 миллиард доллардан ашыгыраак суммага саткан.
РФ лидери Владимир Путин 2030-жылы экспортту 55 миллиард долларга жеткирүүгө тапшырма берген.
Россия айыл чарба продукцияларынан дан эгинин, балыкты, буурчактарды, күн карама майын арбыныраак экспорттойт.
Кыргызстанда чыгарылган макаронго ЕАЭБде жана анын сыртында суроо-талап өсүүдө