Радио

Бердикеева: акушерликти бүтүргөн адистердин көбү иштеп кете албай жатышат

Санжарбек Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун акушердик-гинекологиядагы медайымдык иш кафедрасынын окутуучусу Дилбар Бердикеева акушерлер кесиби боюнча иштебей жатышынын себептерин айтып берди.
Sputnik
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарында акушерлер тартыш. Бул тууралуу Дилбар Бердикеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, медициналык окуу жайларда акушерлер көп даярдалганы менен алардын бардыгы жумушка орношпойт.
"Акушер болууну тандаган адам сабырдуу, жоопкерчиликтүү жана абдан кылдат болушу керек. Ошондой эле стресске туруктуу, чечкиндүү, бейтапка ишеним бере алган дарыгер болуусу маанилүү. Аялдар менен ачык сүйлөшүүнү билиши кажет. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарында акушерлер жетишсиз. Медициналык окуу жайларда алар көп даярдалып чыгат. Бирок эки өмүрдү сактап калуу чоң жоопкерчилик болгондуктан көбү акушерлик ишти алып кете албай жатышат. Ошондой эле эмгек акынын аздыгы дагы себеп болууда", — деди Бердикеева.
Ал ошондой эле кадр тартыштыгынан улам эне менен баланын саламаттыгы жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөнбөй жатканын кошумчалады.