Р-7 баллистикалык кубаттуу ракетанын тарыхы. Видео

Континенттер аралык баллистикалык ракета дүйнөдө биринчи жолу СССРде жасалып, 1957-жылы 15-майда учурулган. Аны учуруу үчүн Казакстандын Байкоңур айылына жакын жерде атайын полигон курулган.
Sputnik
Болочоктогу космодромдо өтө катуу сыр болуп сакталган жашыруун объект салынып, 1957-жылы апрелде Р-7 ракетасы үчүн "канат күүлөй турган" комплекс даяр болот.
Анткен менен биринчи кое беришкенде ракета алыс кете алган эмес, тагыраагы, 400 чакырымдан кийин эле абада күйүп кетет. Анткен менен конструкция ийгиликтүү жасалгандыктан Р-7 августта көктү жиреп, эч кемчиликсиз учат. Байкоңурдан чыгып, Камчаткадагы бутага жетип, талкалайт.