БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ээлеген кызматынан бошотулуп мамлекеттик катчы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн аталган кызматты аркалаган Сүйүнбек Касмамбетов иштен кетүү боюнча чечим кабыл алганын айткан болчу. Ал өлкөнүн башкы идеологу болуп 2021-жылдын октябрынан тарта эмгектенип келген.