Совинформбюро 1941-жылы 24-июнда — согуш башталгандан үч күндөн кийин түзүлгөн. Кабарларды окуган диктор Юрий Левитан Адольф Гитлердин айныксыз душманы болгон.
Согуш жылдарында шарт жок болуп, маалыматтарды алдын ала жаздырбай эфирге түз чыгышкан. Кийин 1960-70-жылдары ошол кабарларды атактуу Левитандын үнү менен кайрадан жаздырышкан.
Согуш аяктагандан кийин деле Левитан өлкөдө маанилүү окуялар болгон учурда эфирге чыгып турган. Космоско биринчилерден болуп Юрий Гагариндин учканы боюнча маалыматты да ушул киши окуган.