Ош улуттук драма театры ГИТИСтин 22 бүтүрүүчүсү менен толукталды

Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ош улуттук драма театры Москвадагы Михаил Щепкин атындагы театралдык институттун 22 бүтүрүүчүсү менен толукталды. Бул тууралуу аталган театрдан кабарлашты.
Жаш актерлор Кыргызстандын Маданият министрлиги менен аталган институттун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде окуп келишкен.
Театрдын директору Керимбек Калыкулов жамаатка кошулган адистерге чоң ишеним артылып жатканын белгиледи.
"Мындан 53 жыл мурда Ош кыргыз драма театрын ГИТИСтин бүтүрүүчүлөрү түптөгөн. Алардын баары Эл артисти наамын алып, ысымдары кыргыз театр искусствосунун тарыхында жазылып калды. Бүгүн биз силерди театрыбыздын келечеги катары кабыл алып, жаңылык күтүп, биздин театрдын жаңы этабы башталат деп турабыз", — деди Калыкулов.
Көркөм жетекчи Топчубай Досбаев да жаштарга ийгилик каалап, улуу-жаш муундун ынтымактуу иштөөсүнө үндөдү.
Жаш адистерди расмий кабыл алуу 20-майда болот.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Байсалов Жеңиш күнү "Русский домго" барып, ишин жогору баалады