БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстанга 3-майдан тарта чет өлкөдө катталган унаалар киргизилбей жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен эскертишти.
Маалыматка ылайык, башка өлкөдө каттоодон чыгарылып, Кыргызстан ичинде каттоого коюла турган көлүктөр үчүн чектөө жок.
Мындай чара автолордун мыйзамсыз алып келинишине бөгөт коюу үчүн кабыл алынганы кошумчаланды.
Эске салсак, чет өлкөдө катталган жана идентификациялык номери жок автоунааларды Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салган токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 17-апрелде кол койгон.