БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстан Кытайга 1 миллион тонна айыл чарба продукциясын экспорттоого квота бөлүп берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, квота сегиз товардын түрүн жеңилдетилген 1 пайыздык бажы алымы менен экспорттоого мүмкүнчүлүк берет. Бул Кытай рыногунда товардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатары белгиленген.
"Кыргызстан экспортко жүгөрү, буудай унун, тоют өсүмдүктөрүн, пахта, жүн сунуштоого даяр", — деп жазылган маалыматта.
Бул товарлар боюнча быйылкы жылга Кыргызстанда квота болгон эмес.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы айыл чарба продукциясы боюнча товар жүгүртүү 2024-жылы 153,3 миллион долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 33 миллион долларга көбөйгөн.