БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Батыш мамлекеттери Киевдин согуштук аракеттерди улантууга даярдык көрүп алышы үчүн ок атууну токтото турууну каалап жатканын жашырган жок. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Дипломатиялык клубдун жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Сүйлөшүүлөр тууралуу сураса Макрон (Эммануэль, Франция президенти — ред.) жолугушуу керек экенин, бирок убактылуу элдешүүгө жетүү үчүн болгон аракетти көрүү зарылдыгын, Украина сүйлөшүүлөргө күчтөнүп даярданышы керектигин айтты. Жообу ушул. Элдешүү эмнеге керектигин ачыктаган сөз болду. Демек, Украинаны күчтөнтүү үчүн курал-жаракка шыкоо максаты турат", — деди Лавров.
Министрдин сөзүнүн урунттуу учурлары:
Берлин, Париж, Брюссель, Лондон Украинада тынчтык болушун каалабайт;
Батыш Россия менен тирешүүгө аракет кылууда;
Зеленский режиминин Россия тарапка жасап жаткан ишинин баары — накта нацизм;
Россия менен Украинага Стамбулда сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек, бирок баары жеңил-желпи болоруна кепилдик жок;
Башында Зеленский Путин өзү келсин деп талап кылды. Эми бир бечара да... Бул анын өзүнөн, аны башкарган адамдардан башканын баарына белгилүү.