Бишкекте Балдарды коргоо күнүнө карата кайрымдуулук жарманкеси өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бишкекте 17-май күнү Балдарды коргоо күнүнө (1-июнь) карата кайрымдуулук жарманкеси өтөрүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Иш-чара саат 10.00дөн 15.00гө чейин Курманжан датканын эстелигинин алдында болот. Анда ар өлкөдөн чыккан сувенирлер, улуттук тамаш-аш менен суусундук тартууланат. Түшкөн акча кайрымдуулукка жумшалмакчы.
Жарманкени Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн катышуусу менен уюштурууда.
Маалымат борбор
Кыргызстанда эмделбеген балдардын саны 20 миңге чукул. Министрлик эмне кылууда?