БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов кызматынан бошотулуп, Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчынын кол койгон жарлыктарына ылайык, коргоо министринин милдетин ведомство жетекчисинин орун басары Руслан Мукамбетов аткармай болду.
Эскерте кетсек, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Марат Иманкулов Сүйүнбек Касмамбетовдун ордуна мамлекеттик катчы болуп барган.