БИШКЕК, 15-май — Sputnik. 16-май, жума күнү, республиканын айрым аймактарында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +34...+39, Талас аймагында +32...+37, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +22...+27 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +35…+37 градуска көтөрүлөт.