Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына арналган «Кара-Кыргыз» тарыхый сериалы “Чоочун киши” сериалынын жаратуучулары тарабынан тартууланат. Бүгүн биз “Стоп кадр” программасында «Кара-Кыргыз» тарыхый сериалы тууралуу кеп кылдык. Тартуу иштери жай айына пландалып, элге күз айларында сунула турганын режиссер Сүйүн Откеев маалымдайт.