Цемент көйгөйү. Курулуш материалдарына баалардын туруктуулугун сактоо жана алардын жетишсиздигинин себептери

Sputnik
Монополияга каршы жөнго салуу кызматы өлкөдөгү цементтин абалын турукташтыруу үчүн цементти керектүү продукциянын тизмесине киргизүү демилгесин көтөрүп, ал учурда министрликте каралып жатат. Негизи буга чейин цементтин баасы 550 сомдон 600 сомго чейин өсүп кеткен. Муну менен катар таңкыстык пайда болгон.
“Ачык Кеп” программасынын мейманы Муратбек Иманкулов анализдин жыйынтыгында мунун себеби “Терек-Таш” цемент чыгаруу комбинатынын иши токтоп калганына байланыштуу экени аныкталган. Ошону менен бирге эле МИКтин курулушун эске алганда керектөөчүлөрдүн буйрутмасы боюнча көлөм 6 миллион тоннага жеткен. Учурда абал турукташып, баа төмөндөөдө. Цементтин баасы сатуучулар тарабынан жасалма көтөрүлгөн.