БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жалал-Абаддагы административдик имараттардын курулушун бүтүрүүгө 750 миллион сом сарпталат. Бул үчүн мэрияга караштуу Капиталдык курулуш департаменти тендер жарыялады.
Каражат жашылдандыруу, коммуналдык байланыштарды тартуу жана фонтан куруу сыяктуу кошумча иштерге жумшалмакчы.
Буга чейин Жалал-Абаддагы облустук администрация, мэриянын имараттары жана борбордук аянт жаңыртылары айтылып, курулуш башталганда 900 миллион сомго тендер жарыяланган.
Жалал Абад мэриясына караштуу Капиталдык курулуш департаментинин директору Арапбай Маматжан уулу курулуштун биринчи этабында 900 миллион сом, экинчисине 750 миллион сом каралганын билдирди.
"Бул жерде облустук администрациянын беш блоктон турган имараты курулууда. "А" блогу жети кабат, "Б", "В" блоктору беш жана "Г", "Д" блоктору эки кабаттан болот. Аларда негизги имарат, конференц-зал, ашкана, экспоборбор жана башкалар жайгашат. Учурда имараттардын ичи-тышы, айланасы жасалгаланууда. Жеринин жалпы аянты 7,8 гектар, имараттардын аянты 15 миң 715 чарчы метрди түзөт", — деди Маматжан уулу.
Ошондой эле ал курулуш 31-августка чейин бүткөрүлүп, Эгемендүүлүк күнүнө карата ишке берүү пландалып жатканын кошумчалады.