БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Борбор калаада 17 жаштагы өспүрүмгө бычак уруп, андан соң айдап жүргөн машинасы менен тебелетип кетти деп шектелген 18 жаштагы улан кармалды. Бул туурасында Свердлов райондук милициясынан кабарлашты.
Окуя түндө саат 3:00дөр чамасында Чекиш-Ата аймагында, тагыраагы, Курманжан датка көчөсүндө болгону айтылды.
"Кылмыш-жаза кодексинде каралган "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренесинин негизинде иш козголгон. Жабырланган киши ооруканада. Милицияга айтыша кетип беркиси бычак урганын, андан соң Hyundai Sonata автоунаасына отуруп тебелеткендигин айткан. 18 жаштагы шектүү М.М. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди", — дешти милициядан.