БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Караколдогу соода базасы 2,52 гектар аянты менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал объект мэриянын балансына өтөт.
"2000-жылы Ак-Суу районунун акиминин чечими менен Гебзе көчөсү, 200 дарегинен бир гектар жер аталган базага берилген. 2001-жылы акимчиликтин токтому менен жер тилкенин аянты "мурдагы чечимдеги техникалык ката" деген жазуу менен 2,52 гектарга чейин көбөйтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жерлерди кайтаруу аракеттерин улантып жатканын кошумчалады.