ЕАЭБ өлкөлөрүндө илимий даражаларды өз ара таанууга даярдык жүрүп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндө илимий даражаларды өз ара таанууга даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, комиссиянын коллегиясы макулдашуунун долбоорун жактырып, союзга мүчө өлкөлөргө жөнөткөн.
"Макулдашууда уюмга кирген өлкөлөрдө берилген илимий наамдар боюнча документтерди түз таануу каралган. Мындай кадам окумуштууларга ЕАЭБдин башка мамлекеттеринде илимий ишмердүүлүк менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берет. Документ илимпоздордун ишке орношуусуна кошумча түрткү болуп, илимий кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Бул курал таланттуу адистерди тартууга жана инновацияларды өнүктүрүүгө дем берет", — деди ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов.
Ошондой эле 2024-жылдын май айында ЕАЭБде илимий даражаларды өз ара таануу тууралуу макулдашуу күчүнө киргени кошумчаланды.
Пресс-борбор
ЕАЭБ көп мамлекет үчүн ишенимдүү өнөктөшкө айланууда. Эксперттин пикири