Күн катуу ысып, 40 градуска жетет. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жуманын соңунда өлкөнүн көп аймактары аптаптуу болорун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.
Кыргызгидромет билдиргендей, 16-17-майда (жума, ишембиде) күн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткенде 35…40 градуска чейин, ал эми Таласта 33…38 градуска чейин ысыйт.
"Мындай аба ырайында ысык өткөрүп алуудан сактануу керек. Күндүз көлөкөдө болуп, сууну көп ичүү зарыл. Ошондой эле өсүмдүктөрдү көбүрөөк сугаруу сунушталат", — деп айтылат маалыматта.
Күн кайнайт. Бир жумага карата аба ырайы