Бети кескиленип, чачы кыркылган. Мээрим Кайрат кызынын уурдалышынын чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бишкекте 33 жаштагы Мээрим Кайрат кызынын уурдалышы боюнча окуянын айрым жагдайлары ачыкталды.
Кечээ милиция келинди жолдошу Тимур Абдразаков белгисиз жакка алып кеткенин кабарлап, издөө жарыялаган. Кийин экөө табылып, аялдын бети-башы кесилгени белгилүү болду. 41 жаштагы шектүү камакка алынган.
Sputnik агенттигинин өздүк булактары билдиргендей, шектүү аялын анын таанышынан кызганып, белгисиз жерге алып кеткен. Кийин жубайлар ижарага алынган батирлердин биринен табылып, шектүү коюлган айыптарды мойнуна алган эмес. Ал аялы бети-башын өзү кескилеп салганын билдирген.
Жабырлануучу Чүй облустук ооруканага 13-май түнү кайрылганын мекемеден билдиришти. Дарыгерлер текшергенде келиндин бетинде 6х1,5 сантиметрлик жана оң таманында учтуу нерседен алган жаракаты болгонун айтышты.
"Бейтапка биринчи хирургиялык жардам көрсөтүлүп, рентгенге тартылган. Бирок ал ооруканада калуудан өз арызы менен баш тарткан", — деп билдирди Чүй облустук оорукананын директору Догдурбек Жекшебаев.
Чүйдө адамды өлтүрө сүзүп чет жакка качып кеткен киши аэропорттон кармалды