БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Депутат Эмил Токтошев өлкөдөгү бардык аскер бөлүктөрүн текшерүү үчүн комиссия түзүүнү сунуштады.
Анын айтымында, жоокерлерди сабоо, кыйноо фактылары кеңири жайылган жагдай.
"Мартта болгон окуя эми маалым болду. Бардык эле аскер бөлүмдөрүн, анын ичинде ИИМ, Коргоо министрлигин текшерип чыгыш керек. Комиссия түзөлү. Бул — системалашып, калыптанып калган жагдай. Элин, жерин коргоого келген балдарды мазактоого жол берилбейт. Жетекчилер керт башы менен жооп бериши керек", — деди эл өкүлү.
Буга чейин ӨКМге караштуу аскер бөлүмүндө болгон жоокерлерди мазактоо фактысы ачыкталып, иш козголгон.