БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Борбор Азия мамлекеттери энергетикалык биримдиксиз кыйналып калат. Бул туурасында КМШнын эмгек сиңирген энергетиги Петр Своик айтты.
"Казакстандык станциялардан сырткары, тагыраагы, Россия менен Борбор Азияны энергетикалык жактан байланыштырган көпүрө болгон Балхаш АЭСинен тышкары Тажикстандагы Рогун, Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭСтерин куруп бүтүрүү керек. Мунун баары союздук энергетикалык долбоорлор болуп саналат, аларды чогуу-чаран салып бүтүрүшүбүз керек", — деген Своик.
Анын айтымында, электр, суу чарба жана газ маселесин камтыган союздук комитет түзүү зарыл.
"Анын негизинде Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан турушу шарт. Россиянын катышуусу да зарыл болот. Мүчө өлкөлөр тарабынан керектүү ыйгарымдуу укуктар берилген мындай комитет жалпы маселелерди чечүүдө чоң жардам көрсөтөт эле", — деп белгилеген энергетик.