БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Россияга каршы салына турган санкциялардын жаңы пакетинен АКШ тараптан колдоо болбосо натыйжа чыкпайт. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкканын РИА Новости кабарлады.
"Европалык лидерлер убадалап жаткан масштабдуу санкциялар ири саясий тоскоолдуктарга туш болуп, АКШнын колдоосу жок Россияны зыянга учуратуу планы ишке ашпайт", — деп айтылат макалада.
Мындан тышкары, Евробиримдикте барган сайын чектөөлөр боюнча ача пикир көбүрөөк болуп жатканы белгиленген.
"Айрымдар Россия нефтисине болгон баанын чегин 60 долларга түшүрүү демилгесин жандантууну сунушташты. Бирок бул үчүн Вашингтондун колдоосу талап кылынат, убадаларга карабай акыркы эки жылда эч кандай өзгөрүү болгон жок. Лидерлер кандайдыр бир чара көрбөсө мындай сөздөрү менен Евробиримдикке болгон ишенимди кыйратышат", — дешкен агенттиктин маектештери.
Эскерте кетсек, шейшемби күнү Европа дипломатиясынын башчысы Кая Каллас ЕБ санкциялардын 17инчи пакети боюнча иштеп жатканын кабарлаган.
Ал эми Россия санкциялык кысымга туруштук бере аларын айтып келет. Чектөө чаралары натыйжа бербей жатканы Батыштын өзүндө да айтылууда.
РФ президенти Владимир Путин Россияны ооздуктоо жана алсыздандыруу саясаты душмандарынын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, ал эми санкциялар бүтүндөй дүйнө экономикасына сокку урганын белгилеген. Өлкө башчынын айтымында, Батыштын башкы максаты — миллиондогон адамдын жашоосун начарлатуу.