БИШКЕК, 14-май — Sputnik. АКШ Россия менен Украинанын Стамбулда өтчү сүйлөшүүсүн тынчтыкка жетүү үчүн өтө зарыл кадам деп эсептейт. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Томми Пигот брифинг учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, жолугушуу — атышууну токтотуп, андан кийин узакка созулган тынчтык орнотууга жол ачкан мүмкүнчүлүк.
Эскерте кетсек, буга чейин Россия президенти Владимир Путин Украинага 15-май күнү Стамбулда эч кандай шарты жок эле түз сүйлөшүүлөрдү жандантууну сунуштаган. Өлкө башчысы жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ок атууну токтотуу боюнча да бир пикирге келип калышы мүмкүн экенин четке каккан эмес. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия тынчтык орнотуу жолдорун издөөгө кызыкдарлыгын көрсөтүп турат деди. Анын айтымында, Украина менен жолугушуунун максаты тирешүүнүн түпкү себептерин жоюп, Россиянын кызыкчылыгын коргоо болуп саналат.
Жооп иретинде Владимир Зеленский Москва буга чейин кабыл ала албай турганын билдирген талаптарын кое баштаган. Анын ою боюнча, Россия 12-майдан тарта ок атууну толук токтотушу керек эле, Киев ошондон кийин гана сүйлөшүүгө макул болмок. АКШ президенти Дональд Трамп Киев бийлигин Путиндин сунушуна токтоосуз макул болууга чакырган. Америкалык лидердин айтымында, мындай сүйлөшүүлөр жок эле дегенде эпке келүүгө болор-болбосун аныктап берет. Көп өтпөй Зеленский Россия президентин бейшемби күнү Түркиядан күтөрүн жарыялаган.