Абанын кескин өзгөрүшү ден соолукка кандай таасир этерин Онищенко айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү организмге таасир этет. Бул туурасында Россиянын Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү биологиялык коопсуздук" деп аталган видеокөпүрөдө сүйлөгөн.
Дарыгер мындай өзгөрүүдө биринчи иретте жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандар абайлашы керектигин эскерткен.

"Бул баарынан көп кичинекейлерге жана улгайгандарга тиешелүү. Балдар кескин өзгөрүүлөргө көнө элек, ал эми картайгандардын организми алсыз болуп калган. Мындай учурларда гипертония, жүрөк ооруларын, жүрөктүн ишемиялык оорусун жана анын кагышынын өзгөрүшүн эске алуу зарыл", — деди Онищенко.

Орто жаштагылардын башы ооруп, алы кетип, уйкусу келип, денеси оорлошуп, башы салмактанып, жакшы уктай албай туталанып калат. Академик мындай учурларда киши өзүнүн абалына дыкаттык менен көз салып, дарыгердин жазып бергендерди толугу менен аткарышын, эгерде талыкшып, жөндөн жөн эле ачуусу келип турса организмге көп күч келтирбей эс алуу керектигин белгиледи.
Дарыгер күн ысыкта бут эмнеге шишип кетерин түшүндүрүп берди