15-майга карата аба ырайы

15-майда өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 31…36, Талас өрөөнүндө 30…35, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 32…37, Ысык-Көл менен Нарын жеринде 22…27 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 32…34, Ош шаарында 33…35 градусту көрсөтөт.
Күн катуу ысып, 40 градуска жетет. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты