Кыргызстан тоолуу өлкө. Республиканын 90 пайыздан ашуунун тоолор ээлейт. Мөңгү баскан чокулар, тирелген тоолор, өзгөчө табиятыбыз менен сыймыктанабыз. Бирок тыйындын экинчи жагы дагы болот эмеспи. Тоолуу аймакта кар көчкү, жер көчкү, сел жүрүү коркунучу чоң. Айрыкча соңку убакта табият кырсыктары көбөйгөнсүдү. Айрыкча сел өткөн жылы кыргызстандыктарды кыйнады. Андан айыл-кыштактар эле жабыркабай шаарлар да зыян тарткан учурлар болду. Кооптуулукту анализдеп, сактануу чараларын көрүп, кесепетин алдын алса болот. Бүгүнкү “Ачык кеп” программасында дал ушул табият кырсыктарын алдын алуу жолдору тууралуу сүйлөштүк. Биздин суроолорубузга Улуттук илимдер академиясынын геология институтунун илимий кызматкери Жумакадыр Карамолдоев жооп берди.