Учурда интернетте ар кандай анимациялар, мультфильмдерди көрүүгө болот. Мурункулардан айырмаланып көбүндө толук ой камтылган эмес. Башкача айтканда берейин деген оюу, мазмуну жок. Жөнгана ар түрдүү боёктор жана кадрлардын бат-бат алмашып турушу балдарды өзүнө тартат. Мунун өзү балдар психологиясын жабыркатат. Анткени баланын мээси “губка” сымал бардык маалыматтарды сиңирип алат. Мындай тасмалар балдардын сүйлөөсүнүн кечеңдешине, ойлоо кабилетинин басаңдашына таасирин берет.
Анимациялардын балдар психологиясына же адам психолгиясына таасири, эмнеге акыл эстүү делген адамдар жаныбарлар же арбактарды туураган культтарга берилүүдө, анын кийинкиси кандай болушу мүмкүн, кантип оңдосо болот, кантип жол бербөө керек деген өндүу суроолор менен меймандарга кайрылып, жооп алдык.