Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков: Стамбулдагы жолугушууга барабыз, делегациянын курамы азыр ачыкталбайт

Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кремль азырынча Стамбулдагы сүйлөшүүгө Россиядан кимдер катышарын ачыктабайт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "России 1" телеканалынын кабарчысы Павел Зарубинге билдирген.
"Россиялык делегация бейшемби күнү украин тарапты Стамбулдан күтөт", — деп кошумчалады ал.
Эскерте кетсек, буга чейин Россия президенти Владимир Путин Украинага 15-май күнү Стамбулда эч кандай шарты жок эле түз сүйлөшүүлөрдү жандантууну сунуштаган. Өлкө башчысы жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ок атууну токтотуу боюнча да бир пикирге келип калышы мүмкүн экенин четке каккан эмес. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия тынчтык орнотуу жолдорун издөөгө кызыкдарлыгын көрсөтүп турат деди. Анын айтымында, Украина менен жолугушуунун максаты тирешүүнүн түпкү себептерин жоюп, Россиянын кызыкчылыгын коргоо болуп саналат.
Жооп иретинде Владимир Зеленский Москва буга чейин кабыл ала албай турганын билдирген талаптарын кое баштаган. Анын ою боюнча, Россия 12-майдан тарта ок атууну толук токтотушу керек эле, Киев ошондон кийин гана сүйлөшүүгө макул болмок. АКШ президенти Дональд Трамп Киев бийлигин Путиндин сунушуна токтоосуз макул болууга чакырган. Америкалык лидердин айтымында, мындай сүйлөшүүлөр жок эле дегенде эпке келүүгө болор-болбосун аныктап берет. Көп өтпөй Зеленский Россия президентин бейшемби күнү Түркиядан күтөрүн жарыялаган.
АКШ Стамбулда өтчү сүйлөшүүлөрдү тынчтык үчүн өтө зарыл кадам деп сыпаттады