Жапаров Ташиевдин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, оорукана салганын айтты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, акчасына Сузакта Эне жана баланы коргоо борборун салып бергенин айтты.
Мамлекет башчы кечээ эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абадга барып, анын жүрүшүндө медициналык борбордун ачылышына катышкан. Аталган оорукана 570 миллион сомго курулганы айтылды.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, акчасына Сузакта Эне жана баланы коргоо борборун салып бергенин айтты

2 / 4

Мамлекет башчы кечээ эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абадга барып, анын жүрүшүндө медициналык борбордун ачылышына катышкан

3 / 4

Аталган оорукана 570 миллион сомго курулганы айтылды

4 / 4

Президент Кыргызстандан тапканын чет жакка ташып чыгып, завод-фабрика, бизнес ачып, өлкөгө келе албай жаткан ишкерлер бар экенин белгилеген

Президент Кыргызстандан тапканын чет жакка ташып чыгып, завод-фабрика, бизнес ачып, өлкөгө келе албай жаткан ишкерлер бар экенин белгилеген.
"Ошолордой болбостон Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, акчасына төрөт үйүн салып, мамлекетке өткөрүп берүүдө. Бул башкаларга үлгү болушу керек", — деди Жапаров.
Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борборунун курулушу 2023-жылы башталган. 75 орундуу төрөт бөлүмү, 75 орундуу балдар ооруканасы үч гектар жерге курулган.
МИК аркылуу Бишкектен алынган батирди аймактагыга алмаштырып кеңейтсе болот