БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Владимир Зеленский Россия лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүгө салынган тыюунун өзүнө тиешеси жок экенин дагы бир жолу айтып, РФ президентин Түркиядагы сүйлөшүүдө күтөрүн билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Январдын аягында Зеленский АКШнын жаңы администрациясынын кысымынан, алардын Москва менен сүйлөшүүгө чакырганынан улам өзүнө Россия менен сүйлөшүүгө тыюу салбаганын билдирген. Бирок Зеленскийдин 2022-жылдын 30-сентябрындагы жарлыгы жана Улуттук коопсуздук менен коргонуу кеңешинин чечиминде Украина тараптан сүйлөшүүгө катышуучулар тууралуу эч нерсе айтылбастан, жөн гана Россиянын президенти Путин менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эмес деп жазылган.
"Украинанын Баш мыйзамына ылайык, бул функцияны (сүйлөшүү жүргүзүүнү) бир гана мен аткара алам. Украинанын эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү менден башка эч ким жүргүзө албайт. Менден башка эч ким Россиянын жана башка өлкөлөрдүн лидери менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү өткөрө албайт", — деген Зеленский Киевдеги маалымат жыйынында.
Ошондой эле ал 15-майда Анкарада болорун, Путинди күтөрүн айтып, РФ президенти менен жолугуу үчүн Стамбулга барууга даяр экенин кошумчалаган.
Буга чейин Владимир Путин Киевге 15-майда Стамбулда түз сүйлөшүүлөрдү эч кандай алдын ала шарттарсыз эле жандантууну сунуштаган.
Россия президенти тынчтыктын орношун каалаган тарап демилгени колдобой кое албастыгын кошумчалаган.