УКМК Чүйдө менчиктештирилип кеткен 307 га жерди мамлекетке кайтарды

Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Аламүдүн районундагы 307 гектар айыл чарба жери мамлекеттин карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1994-жылдагы президенттин жарлыгынын негизинде аталган жер тилке Ленин заводунун жумушчуларына берилген.
"Жер ээлеринин көпчүлүгү ар кандай себептер менен өлкөдөн көчүп кетишкен же каза болушкан. Жергиликтүү органдар тийиштүү көзөмөл кылбагандыктан жер 49 жылга ижарага берилип, андан соң сатылып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында А.Сыдыков айыл өкмөтүндөгү 307 гектар жер мамлекеттин балансына өткөрүлгөнү кошумчаланды.
Баткендин Төрт-Гүлүндөгү арак-шарап заводу мамлекетке кайтарылды. Видео