Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Уиткофф Москва менен Киевдин боло турчу сүйлөшүүсүнүн негизги багыттарын ачыктады

Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Россия менен Украина эгер сүйлөшө турган болуп калса аймак маселесин, Запорожье АЭСинин макамын, Украинанын Днепрди пайдалануусун жана Кара деңизге чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайт. Бул тууралуу АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, ЗАЭС маселеси абдан талуу болуп саналат, мында электр станциясы канча электр кубатын өндүрө алары маанилүү.
"Президент Путин жактырмайынча келишим түзүлбөйт", — деген Уиткофф.
Ал Украинадагы кырдаалды Москва, Киев менен эле эмес, Британиянын, Франциянын, Германиянын, Италиянын улуттук коопсуздук боюнча өкүлдөрү менен да талкуулагандыгын кошумчалады. Атайын чабарман муну менен катар эле Америка лидери тараптарга түз диалогдун зарылдыгы боюнча "ультиматум" койгонун белгилеген.
Эске салсак, жекшемби күнү РФ лидери Владимир Путин Киев Россиянын Жеңиштин урматына атышууну токтотуу демилгесине эч кандай жооп кылбаганын белгилеп, ага карабастан Москва алдын ала шарты жок эле түз сүйлөшүүнү сунуштап жатканын айткан. Жолугушуу 15-майда Стамбулда өтөрү болжолдонуп жатат. Ал Украина менен сүйлөшүү учурунда чырдын түпкү себебин жок кылуу өтө маанилүү экенин, Россия узакка созула турган тынчтыкты орнотууга кызыкдарлыгын билдирген. Президент жолугушууда ок атууну токтотуу боюнча чечим кабыл алып калынышы мүмкүн экенин да четке каккан жок. Путиндин айтымында, Москванын сунушу күчүндө, кеп кезеги — Киев менен аталган режимдин кураторлорунда.
Песков РФ лидеринин сунушунун олуттуу экендигин белгилеп, бул кадам тынчтыкка келген чечимди кабыл алуу ниетин билдирерин белгилеген. Маалымат катчынын айтымында, Украина менен сүйлөшүүнүн максаты чатактын баштапкы себебин жоюп, Россиянын кызыкчылыгын камсыздоо экенин кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Батыш 30 күндүк элдешүүгө Киевдин күч топтоп алышы үчүн кызыкдар