МИК аркылуу Бишкектен алынган батирди аймактагыга алмаштырып кеңейтсе болот

Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. МИК аркылуу Бишкектен алынган батирди аймактагы турак жайга алмаштырып, кеңейтсе болот, бирок региондогу үйдү борбор калаадагыга алмаштырууга болбой турганын Садыр Жапаров Жалал-Абадда тапшырылган батирлерди кыдырган маалда билдирди.
ӨКМдин үч балалуу кызматкери эки бөлмөлүү батир алганын уккан өлкө башчы үй ээсине үч бөлмөлүүсүн алса болмоктугун айткан.
"Жарым, бир жылдан кийин тапшырып, башка үч комната алсаң болот. "Кеңейтүү" деген программасы бар, баары эске алынган. Бишкекке алмаша албайсың, борбор калаадан региондорго алмашса болот", — деди Жапаров.
Буга чейин өлкө башчы элге батирди алына карап алууну, кийин кеңейтүү мүмкүндүгү болорун айткан.
Президент Жалал-Абадда 879 үй-бүлөгө МИКтин батиринин ачкычын тапшырды