БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Европанын кара тизмесинен чыгабыз деп үмүт артып турабыз. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы аэропорттун курулушун баштоо салтанатында билдирди.
Өлкө башчы соңку жылдары өлкөдө аталган тармакта реформалар жасалып, эл аралык стандарттарга шайкеш туураланып жатканын белгилеген.
"Кыргызстандын авиация тармагы 2006-жылдан бери Европанын кара тизмесине кирген. Андан чыгуу үчүн үч жылдан бери бир катар иштерди ырааттуу жүргүзүп, Эл аралык жарандык авиация уюмунун эки аудитинен ийгиликтүү өтүп, жакшы натыйжаларга жетиштик. Ушул айда биздин Жарандык авиация агенттигибиздин жетекчилиги Брюсселге барып, кошумча далил документтерди тапшырууну пландап жатат. Буюрса оң натыйжаларга жетишебиз деп үмүт артып турабыз", — деген Жапаров.
Ошондой эле ал авиация адистерине болгон курч муктаждыкты эске алып, Кыргыз авиация институтуна өзгөчө макам ыйгарылганын эске салып, өлкөдө соңку төрт жылда жүргүнчүлөрдүн агымы 46 пайызга, каттамдардын саны 31 пайызга өскөнүн айтты.
Эскерте кетсек, 381 гектарга түшө турган аба майданга аянты 10 миң чарчы метр болгон эки кабаттуу жүргүнчүлөр терминалы салынат. Ал ишке кирсе саатына 350 жүргүнчүнү тейлейт. Аэродромдун инфраструктурасы эл аралык стандарттарга жооп берери айтылды.